Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камчы Көлбаевди камакта кармоо мөөнөтү узартылды

Биринчи Май райондук сотунун чечими менен мыйзамдагы ууру 22-февралга чейин №47 колонияда болот

Криминалдык авторитет Камчыбек Асанбекти (Камчы Көлбаев) камакта кармоо мөөнөтү №47 түзөтүү мекемесинде кармоо менен 2021-жылдын 22-февралына чейин узартылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Эске салсак, былтыр 24-октябрда мыйзамдагы ууру Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 249-беренесинин 1-бөлүгү “Кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу” боюнча айыпталган. 23-октябрда Биринчи Май райондук соту ага карата баш коргоо чарасын - УКМКнын СИЗОсунда тергөө амалдары жүрүп жаткан мезгилде кармоо чечимин чыгарды.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх