Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Россияга иш сапарынын алдында өзүн изоляцияда кармоодо

"Биз экс-президент менен болгон кырдаалдын кайталанышын каалабайбыз"

Президент Садыр Жапаров Россияга иш сапары алдында өзүн изоляцияда кармоодо. Бул тууралуу Vesti.kgге президенттин пресс-катчысы Галина Байтерек билдирди.

"Азыр президент жана бүтүндөй кыргыз делегациясы өзүн-өзү изоляциялоо шартында аралыктан иштеп жатышат", - деди ал. - Сапар абдан олуттуу. Буга жоопкерчиликтүү мамиле жасаш керек. Мурунку мамлекет башчы менен болгон кырдаалдын кайталанышын каалабайбыз. Коронавирус пандемиясына байланыштуу бардык зарыл болгон чаралар көрүлүүдө.

Мамлекет башчысынын Россия Федерациясына иш сапарынын датасы азырынча белгисиз.

Ал арада РИА Новости басылмасы өз булактарына таянып, Садыр Жапаров Орусияга 24-25-февралда келет деп жазды.

Медина Купсулдаева

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх