Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров өзүнүн айылына мектеп куруп берүүнү суранган бала менен видео чалуу аркылуу сүйлөштү

Президент балага Куран китебин, ноутбук жана акчалай белек берди

Президент Садыр Жапаров өз айылындагы эски мектептин ордуна жаңы мектеп куруп берүүнү суранган Балбай айылынын тургуну Бекболот аттуу бала менен жолугушат. Бул тууралуу блогер Азирет Осмонов өзүнүн Instagram баракчасында жарыялады.

"Бекболот экөөбүз Садыр Жапаров менен жолугушмакпыз, бирок азырынча кандайдыр бир себептерден улам жолугушуу мумкун болбой калды", - деди Осмонов. - Президент бизди бейрасмий түрдө өз үйүндө кабыл алышы керек болчу, бирок азыр обсервацияда жатат, андыктан мүмкүн эмес болуп калды. Мамлекет башчысы Бекболот менен видео аркылуу сүйлөшүп, аны Орусиядан келгенден кийин кабыл алаарын айтты.

Белгиленгендей, президент Бекболотко дагы белектерин тапшырды.

"Садыр Жапаров Бекболотко белектерин жөнөттү" деди Осмонов. - Ноутбук, Куран китеби жана акча. Баланын маанайы жакшы, ал бүгүн үйүнө барат.

Белгилей кетсек, буга чейин Балбай айылынын тургуну Бекболот аттуу бала президентке видео кайрылуу жасаган. Анда ал мамлекет башчысынан алардын айылындагы эски мектептин ордуна эки кабаттуу жаңы мектеп куруп берүүнү суранат.

Эске салсак, бир күн мурун Бекболот өзүнүн Инстаграм баракчасына Садыр Жапаровдон чакыруу алгандыгын жазган.

Учурда мамлекет башчы Россияга болгон жумушчу сапарынын алдында байкоо жүргүзүүдө.

Мираим Алмаспек кызы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх