Садыр Жапаровдун пресс-катчысы: Айрым күчтөр коомдо чыңалууну жаратууга кызыкдар
Галина Байтерек президент экс-муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев менен жолукпаганын жана сүйлөшпөгөнүн баса белгиледи
Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы Галина Байтерек социалдык тармактарда айтылып жаткан Максат ажы Токтомушевдин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы кызматынан алынышына өлкө жетекчилигинин тиешеси бар деген маалыматты төгүндөйт.
Социалдык тармактарда белгисиз адамдар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун ага өлкөнүн муфтийи кызматын убада кылгандыгын, ал эми Жогорку Кеңештин экс-депутаты Арзыбек Бурханов жана башка адамдар Максат ажы Токтомушевди муфтийликтен мыйзамсыз алышканын билдиришкени тууралуу аудио тараган.
Галина Байтерек белгилегендей, мындай маалымат толугу менен чындыкка дал келбейт жана ал маалымат чагымчыл мүнөздө.
Ал Садыр Жапаров мурдагы муфтий Рахматулла ажы менен буга чейин жолукпаганын жана сүйлөшпөгөнүн, ага эч нерсе убада кылбаганын кошумчалады.
Президенттин басма сөз катчысы айрым күчтөр коомдо дүрбөлөң чыгарып, чыңалууну жайылтууга кызыкдар экендигин баса белгилеп, мындай жалган жалаалардын демилгечилерин жоопкерчиликке чакырды.
Президеттик аппараттын маалымат кызматы
Фото www