Дастан Бекешев: Кумтөр маселесин депутаттар эмес, президенттин аппараты карашы керек
Парламентте Кумтөр боюнча парламенттик комиссия түзүлдү
Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Кумтөр боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Тийиштүү сунушту "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов көтөрүп чыкты.
"Кумтөр боюнча депутаттык комиссия болуш керек" деди ал. - Кумтөр боюнча, жер маселеси боюнча, резерв маселеси боюнча көптөгөн суроолор топтолду. Бул комиссиянын курамына мамлекеттик органдардын айрым өкүлдөрү кириши керек.
Ал арада депутат Дастан Бекешев бул комиссиянын так максаты белгисиз экендигин айтты.
"Бул комиссиянын так максаты болуш керек" деди ал. - Бул суроонун так жообун биз өзүбүз билишибиз керек. Убактыбыз аз, эгерде бул ишти убагында бүтүрбөсөк, анда Садыр Жапаров бизден сурайт. Жалпысынан Кумтөр маселеси менен президенттин аппараты алектениши керек. Биз президенттик башкаруу формасында жашап жатабыз, мамлекет башчысы жоопкерчиликти алышы керек.
Талант Мамытов өз кезегинде Кыргызстан дагы деле эски Конституция боюнча жашап келе жаткандыгын эскерди.
-Биз азыр эски Конституция боюнча иштеп жатабыз, - деп белгиледи ал. - Демек, депутаттар муну менен алектенишет.
Комиссиянын курамына 12 эл өкүлү кирген. Жакында алар ченемдик укуктук актыларды кабыл алып, иштөө шарттарын аныкташат.
фото www