Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кубанычбек Жумалиев кимге миллиондогон доллар карыз экенин айтты

ЖКнын депутаты ага коюлган бардык айыптоолор жалган жана негизсиз деп эсептейт

Парламент депутаты Кубанычбек Жумалиев Башкы прокурор Курманкул Токторалыевич жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге ачык кат менен кайрылды. Парламентарий ага коюлган айыптар эмне үчүн негизсиз болгонун кеңири түшүндүрүп, анын күнөөсүз экенине бир катар далилдерди келтирди.

(автордун орфографиясы жана пунктуациясы сакталган - ред.)

КРнын Башкы прокурору
К.Т.Зулушевге,
УКМК төрөгасы
К.К.Ташиевге
К.М. Жумалиевден

Ачык кат

Урматтуу Курманкул Токторалыевич!
Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, 4-февраль күнү Башкы прокурор Зулушев Курманкул Токторалыевич көрсөтмөсү боюнча, Биринчи Май райондук соту мени 4-апрелге чейин УКМКнын СИЗОсуна камакка алууга чечим чыгарган.
Мени кармоого жана камакка алууга 2016-жылы коррупциялык жол менен  "Эл аралык медициналык университетине" (ЭМУ) лицензия алган деген божомол башкы негиз болууда. Ошону менен катар, сиздер өзүңүздөр ынангандай, тергөө менин күнөөмдүн жана коррупциялык негиздин олуттуу далилдерин таап бере алган жок.
Ошол эле учурда, мен Жогорку Кеңештин иштеп жаткан депутаты экендигимди баса белгилегим келет. Мага карата процессуалдык чаралардын мындай жүрүшү тергөө тобу тарабынан укук бузуулардын бири болду. Ал эми түздөн-түз мага коюлган: Эл аралык медициналык университетине мыйзамсыз лицензия алган, деген айыптоонун негизсиз жана жалган экендигине, фактыларды кылдат изилдөөдө аныкталаарына ишендиргим келет.
Түшүндүрүп берейин. 2016-жылы 120 студентке 6 жылга лицензия алынган, ал лицензияга ылайык ар жылы 20 студенттен гана окутуу үчүн берилген. 2016-жылы студенттер окууга кабыл алынган эмес, башкача айтканда, бул лицензия колдонулган эмес.
Бул маалыматтардын бардыгы Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиялоо бөлүмүнүн расмий документтеринде жана университеттин өзүнүн документтеринде чагылдырылган.
Бул жалган айыптар мага коюлганда, Билим берүү жана илим министрлигинин Лицензиялык кеңеши документтерди биринчи жолу тапшырганда лицензия берүүдөн баш тартканы тууралуу маалыматты биринчи жолу уктум. Айыптоолор ошол кезд, депутат катары, кысым көрсөтүп, лицензия алган деген божомолго негизделген экен.
Бирок, лицензия алуу үчүн документтерди тапшыруу боюнча жооптуу болгон ЭМУнун биринчи ректору Индира Абдыжапаровна Ибраева мага бул тууралуу айткан эмес. Анын үстүнө, менин билишимче, бул маалымат расмий тастыкталган жок. Ошондой эле мындай корутунду мекеменин өзүндө катталган эмес, бул лицензиянын "берилбегендиги" окуясына жана уруксат алуу учурунда кандайдыр бир көйгөйлөрдүн болгондугуна шек жаратат.
Бул жалган айыптоолор Эл аралык медициналык университетин тартып алууну көздөгөн, мурун дагы кайра-кайра чакырык жасаган адамдар тарабынан кара ниеттик менен атайын жасалган деп божомолдой алам.
Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!
Мамлекеттик ишмер, саясатчы катары, бүтүндөй өмүрүмдү Кыргыз Республикасынын илим-билимин, өнөр жайын өнүктүрүүгө арнадым. Былтыркы жылдын май айынан тарта түшүнүксүз себептерден улам, “Чоң Казат” кыймылынын чабуулунун бутасына айландым. "Байларды тоноо" ураанынын астында мага каршы кампания башталып, натыйжада менин ишмердүүлүгүм толук дыкат текшерилип чыкты.
КРнын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (Финансылык полиция) тергөө тобу тарабынан кыймылсыз мүлктү сатуу жана сатып алуу, чет мамлекеттерге жана ал жактан кайра Кыргызсатанга акча которуу, мага жана менин туугандарыма тиешелүү болгон 61 компаниянын финансылык жана чарбалык ишмердүүлүгү боюнча деталдуу изилдөө жүргүзүлдү. Сотко чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө мага кюлган күнөөлөрдүн негизсиз экендиги далилденип, айыптоолордун баары жокко чыккан.
Аныкталган анча-мынча кемчиликтер, тез арада жоюлган. Анын үстүнө, ал кемчиликтер көптөн бери мага тиешеси жок компаниялар боюнча болчу.
Бүгүнкү күндө 61 компаниянын 40тан ашууну жабылган. Мен жана менин туугандарым компаниялардан негиздөөчүлүктөн чыктык. Бул маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маалымат базасынан оңой эле текшерсе болот.
Бул текшерүүлөрдүн натыйжалары соттук инстанциянын чечиминде чагылдырылган.
Азыр дагы мага коюлуп жаткан айыптар жогорудагыдай негизсиз жана жалган. Кыргызстандагы мыйзамдын үстөмдүгүнө шек келтирген, жалган маалыматтарды тараткан адамдар кармалып, жазаланышы өтө маанилүү деп эсептейм.

Урматтуу Курманкул Токторалыевич, Камчыбек Кыдыршаевич!
Менин бир гана өтүнүчүм, учурдагы сотко чейинки өндүрүш сизге жана Кыргызстандын Президенти Садыр Нуркожоевичке карата сот тарабынан адилетсиз жүргөндөй болбостон, объективдүү жүргүзүлсүн.
Мага коюлган калп айыптоолорду эске алып, президент Садыр Жапаров жарыялаган мыйзамсыздыкка жана адилетсиздикке каршы күрөштү жаманатты кылган мыйзам бузууларды токтотууга жана мыйзамдык базага кайтып келүүгө чакырам!
Маанилүү!
Ошондой эле, мен жана менин туугандарым менен байланышкан компаниялардын бардык учурдагы активдеринин мыйзамдуу келип чыгышын чагылдырган төмөнкү маалыматтарды бергим келет.
Биринчиден: Банктардан алынган насыяларды, мен жана менин жакын жана алыскы туугандарым тарабынан жеке адамдардан жана компаниялардан алынган карыздарды, мага караштуу компаниялар тарабынан алынган насыяларды талдоонун жыйынтыгында, менин ишкерлигимдин бардыгы насыя жана карызга негизделгени бардык адамдарга көрүнүп турат жана түшүнүктүү. Бүгүн биз, мен жана менин туугандарым банктарга 12 400 000 АКШ долларын жана жеке адамдарга жана компанияларга 4,9 миллион АКШ долларын, башкача айтканда, 16 940 000 АКШ долларын төлөшүбүз керек.
Экинчиден: Бул карызды кайтаруу Таш-Көмүр шаарына жакын жерде курулуп жаткан цемент заводу толук курулуп бүтүп, ишке кирген учурда гана мүмкүн болот. Завод 2020-жылдын 1-августунда иштеп башташы керек болчу, бирок корона вирусунун пандемиясынан улам, ишке киргизүү кечеңдеген. Заводду толук кандуу ишке киргизүү үчүн дагы болжол менен 16-18 миллион АКШ доллары талап кылынат. Мындай сумманы заводго салууга даяр инвестор менен макулдашуу бар. Бирок инвестор мен өнөктөш болгон шартта гана келет. Эгерде завод пайдаланууга берилсе, анда 3500дөн ашуун жумушчу жана инженер-техник кызматкерлер иштешет.
Мындан тышкары, 800 миң тонна тампонаждык цемент жана портландцемент өндүрүлгөндө, бюджетке жылына 1 миллиард сомдон (12 миллион АКШ доллары) ашык каражат түшөт. Заводдун мындай натыйжалуулугуна жетишүү үчүн, менин ишим жана бир катар иш-чаралар Жалал-Абад облусунун Ноокен жана Аксы райондорунда, Таш-Көмүр шаарына жакын жерлерде цемент чийки затына геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө багытталган.
Үчүнчүдөн: Мага жана менин жакын туугандарыма таандык болгон же азыр таандык ар бир объекттин келип чыгышынын мыйзамдуулугун далилдөөгө даярмын, бул турак-жай жана турак-жай эмес коммерциялык кыймылсыз мүлк кайсы каражаттарга сатылып алынгандыгын жана качан, канчага сатылганын көрсөтүүгө даярмын. Кыймылсыз мүлк бизнеси 2006-2015-жылдар аралыгында мен эч кандай мамлекеттик кызматтарда иштебеген мезгилдеги эң негизги ишим болгон. Жогорудагы маалыматтар Финансы полициясынын сотко чейинки өндүрүшүнүн материалдарында толугу менен бар.
Маалымат үчүн:
1993-2005 жылдар аралыгында мен мамлекеттик кызматтарда иштеген жокмун. 2005-жылы мен мамлекеттик кызматтан кетип жатканда Бишкек шаарында 1 гана батирим, Чуй облусунун Аламедин районунда 2 жер тилкем болгон.
2006-2015 жылдары мен илимий иштерим жана бизнес менен алектендим. Бизнесимди колдоо үчүн банктардан, жеке адамдардан жана алыскы туугандардан насыя алгам. Насыя алуу үчүн мен алыскы туугандардын мүлкүн күрөөгө койгом.
Төмөндө алыскы туугандарым, мени менен байланышкан компаниялар алган насыялардын жана карыздардын алынган жылдары, максаттарын белгилеп өтөйүн.

2007-жыл
1. Насыя. Алыскы тууганым Каратаева Энера алган. ОАО «Оптима банктын» Токмоктогу филиалынан 250.000 АКШ доллар өлчөмүндө алынган. Насыянын максаты: Турак жай жана турак эмес жайларды сатып алуу.
2. Насыя. ЧП «Жаманаев». ОАО «Оптима банк». Насыянын суммасы 1,5 миллион АКШ доллары. Насыянын максаты: турак жай жана турак эмес жайларды сатып алуу, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен жана Аксы райондорунда цемент чийки затына геологиялык чалгындоо жүргүзүү.
3. Насыя. Жумалиев К.М. ОАО «Финанскредитбанк». Насыянын суммасы 700.000 АКШ доллары. Насыянын максаты: Турак жай жана турак эмес жайларды сатып алуу. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен жана Аксы райондорунда геологиялык чалгындоо ишин жүргүзүү.

2010-жыл
4. Насыя. ОсОО «Гоин». ОАО РСК банк. Насыянын суммасы 1 млн. АКШ доллары (4,900,000 сом). Насыянын максаты: Гоин соода борборун өрттөн кийин калыбына келтирүү.
5. Насыя. Жумалиев К. ОАО «Оптима банк». Насыянын суммасы 250,000 АКШ доллары. Насыянын максаты: кыймылсыз мүлк сатып алуу.

2013-жыл
6. Карыз. Жумалиев К. «Аэнаи» компаниясынан алынган. Карыздын суммасы 1,9 млн. АКШ доллары. Максаты: ГОИНге алынган насыяны төлөө, Жалал-Абад облусунун Ноокен жана Аксы райондорунда геологиялык чалгындоо жүргүзүү.
2016-жыл
7. Насыя. ЧП «Жаманаев». ОАО «Оптима банк». Насыянын суммасы 4 млн. АКШ доллары. Максаты: турак жана турак эмес жайларды сатып алуу. Турак эмес жайларды оңдоо жана реконструкциялоо.
2018-жыл
8. Карыз. Жумалиев К. «Эдюкейшн Эдвайзер» Пакистандык компаниядан. Карыздын суммасы 3 млн. АКШ доллары. Максаты: Таш-Көмүргө жакын жерде цемент заводун курууга жумшоо.
9. Насыя. ОсОО «Курманбек». ОАО «Айыл-банк». Насыянын суммасы 4,3 млн. доллар. Максаты: жылына 860 миң тонна өндүрүм кубаттуулуктагы цемент заводу үчүн жабдууларды сатып алуу. Жабдыктар сатылып алынган.
10. Насыя. ОсОО «Аструм Юнайтед корпорейшн». ОАО «Айыл банк». Насыянын суммасы 490.000 АКШ доллары. Насыянын максаты: суу куюучу линияны сатып алуу, суу куюучу линияны ишке киргизүү жана эксплуатациялоо, имараттарды оңдоо, суу куюу үчүн инфраструктура жана жайларды куруу.

 

2020-жыл
11. ОсОО «Эл аралык медициналык университет». ОАО «Халык банк». Насыянын суммасы 675.000 АКШ доллары. Максаты: Окуу процессин ишке ашыруу үчүн зарыл болгон имаратты менчикке сатып алуу.
12. ОсОО «ММУ». АКБ «Кыргызстан», 400.000 АКШ доллары. Максаты: Окуу процессин уюштурууга медициналык жабдыктарды сатып алуу.
13. ОсОО «ММУ». ОАО «KICB банк», 275.000 АКШ доллары. Максаты: Окуу имаратын сатып алуу.
14. Кредит ОсОО «Клиника Авиценна Медикал», негиздөөчүсү ОсОО «ММУ» Демирбанктан 1.200.000 АКШ долларын алган. Максаты: 600 орундуу клиникага медициналык жабдууларды сатып алуу, клиника үчүн имаратты оңдоп түзөө.

Алынган насыялар жана карыздар боюнча талдоо жана корутундулар.
Тыянак 1. Жалпысынан 2007-2020-жылдар аралыгында 23,640,000 млн АКШ доллары өлчөмүндө насыялар жана карыздар алынган.
Тыянак 2. Алынган карыздык акчалай милдеттенмелер, компаниялардан жана жеке адамдардан алынган насыялардын 9,4 млн АКШ долларын түзөт. Бүгүнкү күндө карыз берүүчүлөрдүн алдындагы карыз 4,9 миллион долларды түзөт. 3,4 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү карыз жабылды.
Тыянак 3. Кыргызстандын банктарынан 14 240 000 АКШ доллар насыя алынган. 2.200.000 АКШ доллары өлчөмүндө насыялар, банктык пайыздарды эсепке албаганда, төлөнгөн. Бүгүнкү күнгө чейин ар кандай банктардан алынган насыялар 12 400 000 АКШ долларын түзөт.
Тыянак 4. Эгерде сиз төлөмдөрдү жана салыктарды өз убагында төлөбөсөңүз, анда банктар күрөөгө коюлган бардык мүлктөрдү алып кетишет.

 

Урматтоо менен, Жумалиев К.М.
15.02.2021


фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх