Камчыбек Ташиев эртең Кыргызстанга учуп келет
Келгенден кийин УКМКнын башчысы токтоосуз Баткен облусуна жөнөйт
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев эртең, 17-февралда Германиядан Кыргызстанга келет. Бул тууралуу анын Telegram каналында билдирди.
Биринчи кезекте, ал Баткен облусуна иш сапары менен барат.
Ал ортодо УКМКнын басма сөз кызматы алгач Vesti.kg сайтынын Ташиев эртең Кыргызстанга учуп келеби деген суроосуна жооп берүүдөн баш тартып, кийинчерээк бул маалыматты тактайбыз деп убада кылды.
Эске салсак, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге Германияда 12-февралда операция жасалган. Анын жүрөгү ооруганы белгилүү болгон.
Элдос Казыбеков
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз