Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Элдик парламенттин" мүчөлөрү алардын ишин караган соттор менен прокурорлорду жоопко тартууну көздөп жатышат

Жогорку Сот Толубай Колубаев, Бекболот Талгарбеков жана Марат Султановду толугу менен актаган

"Элдик парламенттин" мүчөлөрү Толубай Колубаев, Бекболот Талгарбеков жана Марат Султанов бийликти күч менен басып алуу иши боюнча сот өкүмүн чыгарган сот жана прокурорлорду жоопко тартууну көздөп жатышат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бекболот Талгарбековдун уулу - Арстан билдирди.

Кечээ Жогорку Сот Колубаевди, Талгарбековду жана Султановду мурунку айыптоолордун бардыгы боюнча актагандыгын тактайлы.

"Биз биринчи баскычтан өтүп, саясий туткундардын акталышына жетиштик", - деп белгиледи Арстан Талгарбеков. - Эми биз президентке кайрылып, ушул ишти жүргүзгөн прокурорлорду жана сотторду жоопко тартуу боюнча комиссия түзүүнү суранабыз.

Эске салсак, оппозициялык кыймылдын лидери Бекболот Талгарбеков Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен кулатууга аракет кылуу" (кийин күнөөсүз деп табылган), ошондой эле "Улуттар аралык кастыкты козутуу" беренелери боюнча 14 жылга эркинен ажыратылган.  Толубай Колубаев ушул эле мөөнөткө кесилип, Марат Султанов 10 жыл түрмөдө отурушу керек болчу. 2019-жылы үчөө тең шарттуу түрдө бошотулган.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх