Үч партиянын лидерлери биригишти
Алар Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо бир партиядан көрсөтүлөт
Үч партиянын лидерлери Элдар Абакиров, Аймен Касенов жана Клара Сооронкулова жергиликтүү кеңештерге шайлоодо биригип жатышат. Бул тууралуу президенттикке мурдагы талапкер Аймен Касенов өзүнүн Instagram баракчасына жазды.
“18-февралда партиялардын лидерлери жана өкүлдөрү журналисттерге жана коомчулукка Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо бирдиктүү партия болуп көрсөтүлүүгө даярдыгын жана ошондой эле пландары жана жалпы максаттары жөнүндө айтып беришет. ,"деп билдирди.
Белгилей кетсек, Элдар Абакиров, Аймен Касенов жана Клара Сооронкулова президенттикке талапкер болушкан
фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз