Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК Кыргызстандыктардын тажик тараптын барымтага алуусу тууралуу маалыматты жасалма деп атады

Коопсуздук кызматкерлери КРнын жарандары металлды жана мал-жандыктарды мыйзамсыз экспорттоого аракет кылып жаткан жеринен кармалгандыгын түшүндүрүштү

Социалдык тармактарда тажик күч түзүмдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын кармалышы жана аларды барымтада кармоо жөнүндө маалыматтын таркатылышына байланыштуу УКМК төмөнкүлөрдү билдирет.
Бул маалымат чындыкка дал келбейт жана жасалма.

16-февраль 2021-жылы Тажикстандын аймагынан Тажикстандын аймагынан 900 кг металл, 2 баш бодо мал жана 3 баш майда бодо малды мыйзамсыз алып кетүүгө аракет кылып жатып, мамлекеттик чек араны бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын 5 жараны кармалган.

Бул жарандарга карата тажик тарап тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатат.

Аларды Кыргызстанга кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу.

УКМКнын пресс-борбору
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх