Камчы Көлбаевди камакта кармоо мөөнөтү узартылды
Кримавторитет №47 колонияда өтөйт
Кримавторитет Камчыбек Асанбек (Камчы Көлбаев) камакта болуу мөөнөтүн 22-мартка чейин узартты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Ал №47 колонияда кармалат.
Эске салсак, былтыр 24-октябрда мыйзамдагы ууруга КР Кылмыш-жаза кодексинин 249-беренесинин 1-бөлүгү "Кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу" боюнча иш козголгон. 23-октябрда Биринчи Май райондук соту ага карата баш коргоо чарасын - УКМКнын СИЗОсунда тергөө амалдары жүрүп жаткан мезгилде кармоо чечимин чыгарды.
Вероника Малышева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз