Камчыбек Ташиев ооруп жаткандыгына карабастан иштегендиги үчүн алтын медаль менен сыйланды
УКМКнын башчысы Ардак грамота жана төш белги менен сыйланды
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "Ала-Тоо Эл сыймыгы" алтын медалын, Ардак грамотасын жана төш белгисин алды. Бул тууралуу тарыхчы, профессор Асыкбек Оморов Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жарыялады.
- "Ала-Тоо Мекенчил Инсандары" коомдук кайрымдуулук фонду Камчыбек Ташиевге "Ала-Тоо Эл сыймыгы" алтын медалын, Ардак грамотасын жана оорусуна карабастан көп иштегендиги үчүн төш белгини тапшырды, - деп жазган ал. - Презентацияга фонддун президенти, экс-депутат Жылдыз Жолдошева, фонддун координаторлору жана мен катыштык. Кыска убакыттын ичинде Ташиев өлкө бюджетин толтурууга жана коррупция менен кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө эбегейсиз салым кошту.
Профессор ошондой эле ага ден-соолук жана узак өмүр каалады.
Эске салсак, Камчыбек Ташиев Германиядан операция жасалып келгенден кийин ага , дароо Баткен облусуна барып, чек ара маселелерин чечип келген.
Фото www