Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

 Панфилов районундагы көлмөлөрдө жана каналдарда бардык балыктар өлүп калышкан (видео)

Жергиликтүү тургундар суунун булганышына Кайыңды кант заводу күнөөлүү деп шектенишет

Чүй облусунун Панфилов районунда көлмөлөрдө жана каналдарда балыктардын бардыгы кырылды. Бул тууралуу социалдык тармакка Дмитрий Шушпанников аттуу колдонуучу билдирди.

Сөзүн далилдөө үчүн ал киши бир нече видео жана сүрөттөрдү жарыялаган.
«Каинда кант заводу кандайдыр бир ыпыластыктарды ыргытып, көлмөлөрдө жана каналдарда бардык тирүү жандыктар жок болушууда, ал эми органдар унчукпайт! Мамлекеттик экотехинспекция кайда? Өзгөчө кырдаалдар министрлиги каякта? ”, - деп жазган посттун автору.


Ал ортодо Мамэкотехинспекциянын аймактык башкармалыгы Vesti.kg сайтына окуя тууралуу бүгүн эртең менен билишкендигин билдирди.

"Биз менен байланышып, жазуу түрүндөгү арыз менен кайрылып, биздин жетекчилик заводду пландан тышкаркы текшерүүгө уруксат алышы мүмкүн", - деп түшүндүрүштү департаменттен. - Бул документтерсиз биз эч нерсе кыла албайбыз, өлкөдө бизнести текшерүүгө мораторий бар.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх