Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

РФнын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Садыр Жапаровго: Акылдуу эл өз тандоосун жасашты

Вячеслав Володин Кыргызстандын Президентине орус тили расмий тил болгон өлкөлөрдүн жарандары Россиянын аймагында бир катар жеңилдиктерге ээ экендигин эскертти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту.

Эки тараптуу кызматташуунун келечеги, анын ичинде Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелерди тереңдетүүдөгү парламенттер аралык кызматташуунун ролу жөнүндө пикир алмашуу болду.

Володин Жапаров менен учурашып, анын иш сапары эки тараптуу мамилелерге, анын ичинде эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы мамилелерге түрткү берерине ишеним билдирди.

Ал Садыр Жапаровду дагы бир жолу өлкөнүн Президентинин кызмат ордуна шайланышы менен куттуктап, шайлоо процесси атаандаштык жана ачык-айкын өткөнүн белгиледи.

Вичеслав Володин Кыргызстан менен Россия стратегиялык өнөктөштөр экендигин, буга байланыштуу диалогду парламенттер аралык аянтчаларда гана эмес, ошондой эле эки парламенттин адистештирилген комитеттеринин алкагында өнүктүрүү өзгөчө маанилүү экендигин баса белгиледи.

Кыргызстандагы мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдумга токтолуп, Мамлекеттик Думанын Төрагасы өлкөнүн акылдуу адамдары өз тандоосун жасагандыгын баса белгиледи. Ал ошондой эле Негизги Мыйзамдын долбоорунда орус тилинин расмий статусу сакталып калгандыгын канааттануу менен белгиледи.

Ал орус тилин үйрөнгөн жана расмий баарлашуунун тили болгон өлкөлөрдүн жарандары Россиянын аймагында бир катар жеңилдиктерге ээ экендигин, мындай мүмкүнчүлүктөр Кыргызстан менен Беларуссиянын жарандары үчүн жеткиликтүү экендигин эске салды.

Вячеслав Володин өлкөлөрдүн ортосунда ар кандай тармактагы потенциалды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бар экендигин дагы бир жолу баса белгилеп, бул бүгүнкү жолугушуудан кийин динамикалуу ишке ашат деп ишендирди.

Садыр Жапаров белгилегендей, кыргыз-россиялык мамилелер заманбап тарыхта өз ара аракеттенүүнүн бардык чөйрөлөрүндө тереңдетүү үчүн келечеги чоң.

Ал кошумчалагандай, эки тарап тең өз ара пайдалуу жана ишенимдүү союздаштыкка жана стратегиялык өнөктөштүккө шек келтире элек.

Жапаров Володинге Россиянын парламентарийлери тарабынан Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүгө эл аралык мониторинг жүргүзүүдө активдүү колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчы эки өлкөнүн ортосундагы парламенттер аралык диалог натыйжалуу жана саясий, соода жана инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы өз ара аракеттенишүүнү өнүктүрүүгө кошумча дем берет деп ишенээрин билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президенти эки өлкөнүн парламенттеринин жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга, анын ичинде вирустук коркунучтарга, ошондой эле эл аралык терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүүдө жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча биргелешкен иш-аракеттерди бириктирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.


Президенттик аппараттын маалымат кызматы

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх