Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров орусиялык ири бизнес өкүлдөрүн кызматташууга чакырды

Москвадагы жолугушууда Президент Кыргызстандагы кадыр-барктуу инвесторлор үчүн жагымдуу климат түзүү пландалып жатат деп тастыктады

Мамлекет башчысы иш-чаранын катышуучуларына Кыргызстандагы келечектүү экономикалык долбоорлор жөнүндө айтып берип, потенциалдуу инвесторлорду активдүү кызматташууга чакырды.

Президент кызматташууну арттыруунун актуалдуу багыттарын белгилеп, ак ниет инвесторлор үчүн жагымдуу чөйрө түзүү боюнча иш-аракеттер планына көңүл бурду.

Жолугушуу «суроо-жооп» форматында өттү. Россиялык бизнестин өкүлдөрүнө Президент Садыр Жапаров, өлкөнүн министрлери менен мамлекеттик органдарынын жетекчилери жооп беришти.

Иш-чарага россиялык ири компаниялардын 40ка жакын жетекчиси катышты. Алар: «Ренова» компаниялар тобу» АКсынын директорлор кеңешинин төрагасы, «Сколково» жаңы технологияларды иштеп чыгуу жана коммерциализациялоо борборунун Өнүктүрүү фондунун директорлор кеңешинин мүчөсү, «Сколтехтин» (Сколково илим жана технологиялар иниституту) Камкорчулар кеңешинин төрагасы Виктор Векселберг, «Россия темир жолу» ААКсынын башкы директорунун орун басары Вячеслав Павловский, «Газпром нефть» ПАКтын тышкы экономикалык иштер боюнча башкы директорунун орун басары Павел Одеров, Россия Федерациясынын Президентинин электрэнергетика тармагындагы эл аралык кызматташуу маселелери боюнча атайын өкүлү, «Артпол Холдинг» ЖЧКсынын президенти Сергей Шматко, ЕАЭБ Ишкерлер кеңешинин аткаруучу катчысы Станислав Наумов, Санарип экономика боюнча комитеттин төрагасы, «Ростелеком» ПАК президенти Михаил Осеевский. Ошондой эле «ФосАгро» ПАК, «ВымпелКом» ПАК, «Хюндай Мотор СНГ» ЖЧК, «Северсталь» ПАК компанияларынын, Картошка жана жашылча базарынын катышуучуларынын бирлигинин, ЕАЭБдин фармацевтикалык өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башкармалыгынын өкүлдөрү жана мунай, банк, өнөр жай, курулуш, химия, энергетикалык тамак-аш, машина куруу жана текстиль тармактарынын лидерлери катышты.

Ошондой эле жолугушууда Россиянын министрликтери менен мамлекеттик түзүмдөрүнүн өкүлдөрү болду.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх