Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЕЭК менен Борбордук Американын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду

Тараптар өз ара экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө ниеттенүүдө

ЕЭКтин Интеграция жана макроэкономика министри Сергей Глазьев жана Борбордук Америкада экономикалык интеграциялоо катчылыгынын  Башкы катчысы Мелвин Энрике Редондо уюмдар ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. Кол коюу аземи 25-февралда видеоконференция аркылуу өттү. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын расмий сайтында маалымдалды.

Документ ЕАЭБ мамлекеттери менен Борбордук Америкадагы Экономикалык интеграциянын кичи тутумундагы өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүүгө багытталган. Тараптар өз ара соода, техникалык жөнгө салуу жана стандартташтыруу, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси, макроэкономика жана башка тармактарда кызматташууга ниеттенүүдө. Уюмдар тажрыйба алмашып, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгышат жана биргелешкен иш-чараларды, анын ичинде ишкер чөйрөлөрдүн катышуусу менен өткөрүшөт.

Меморандумду ишке ашыруу үчүн жакынкы аралыкта кызматташуу боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүү пландалууда.

Борбордук Америкада экономикалык интеграциянын кичи тутуму 1993-жылы октябрда түзүлгөндүгүн тактайлы. Анын мүчөлөрү Гватемала, Гондурас, Коста-Рика, Никарагуа, Панама жана Сальвадор.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх