Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улукбек Марипов: Укук коргоо органдарынын бизнес менен болгон өз ара аракети ишкерлерди колдоо багытында түп-тамырынан бери өзгөрүлөт

Жакынкы аралыкта Коопсуздук Кеңешинин жыйыны болуп, анда бизнес жана инвестиция маселелери талкууланат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов өлкөнүн бизнес-омбудсмени Робин Орд-Смит менен жолугушту.

Өкмөт башчы ишкерлердин укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыгынын корголушу жана алардын мамлекеттик бийлик органдары тарабынан сакталышы үчүн бизнес-омбудсмен институтунун ишинин маанилүүлүгүн белгиледи.

«Ишкерлердин жана инвесторлордун укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыгын мамлекеттик коргоого алуу кепилдигин камсыздоо маселеси Өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири катары жана экономиканы өнүктүрүүнүн маанилүү элементи болуп саналат», - деди Улукбек Марипов.

Премьер-министр бүгүнкү күндө бизнес жана инвесторлор менен жүргүзүлүп жаткан иштин маанилүүлүгүн баса белгилеп, жакын арада бизнес-коомчулук менен орун алган жолугушууга токтолду. Аталган жолугушууда өнөктөштүк жана өз-ара пайдалуу мамилелерди түзүү зарылдыгы белгиленген эле.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө биринчи кезектеги чаралар планы иштелип жатат, анда укук коргоо органдары менен өз-ара аракеттешүү аркылуу бизнестин коопсуздугун жана кепилдигин камсыздоо жаатында иш-чаралар өз алдынча топтом менен каралган.

«Аталган тема өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Буга Президенттин «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» Жарлыгы далил. Бүгүнкү күндө бизнес жана инвесторлор менен жүргүзүлүп жаткан иштер аталган Жарлыкты ишке ашырууга багытталган. Жакынкы арада Коопсуздук кеңешинин кеңешмеси өтөт, анда талкуулоонун негизги блогу катары бизнес жана инвестициялар маселеси, ошондой эле укук коргоо органдары, мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү бийлик органдары жана алардын кызматтык жактары менен өз ара аракеттешүү маселеси болот», - деп белгиледи Премьер-министр.

Улукбек Мариповдун айтымында, ишкерлик тармагындагы ЧУА инвентаризациялоо боюнча олуттуу иш жүргүзүлөт жана анын негизинде мыйзамдар өркүндөтүлөт, анын ичинде мамлекеттик органдар тарабынан текшерүүлөрдүн санын кыскартуу жаатында да иштер аткарылат. Ал белгилегендей, укук коргоо органдарынын бизнес менен өз ара аракеттешүүсү түп-тамырынан бери бизнести колдоо жагына өзгөрөт.

Өлкөнүн Бизнес-омбудсмени Робин Орд-Смит өз кезегинде Өкмөттүн институт менен натыйжалуу өз-ара кызматташуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал ишкерлердин кызыкчылыгын коргоону камсыздоонун актуалдуу маселелерине токтолуу менен бизнес-омбудсмен институтунун ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди.

Робин Орд-Смит белгилегендей, бизнес-омбудсмен институтунун негизги иши менен катар анын кесипкөй командасы бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча актуалдуу сунуштарды берүү менен реформалар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер алкагында максималдуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Ал мындан ары карай жемиштүү кызматташууга жана республикадагы ишкерликти колдоого алуу жана өнүктүрүү жаатындагы маанилүү багыттар боюнча өз-ара аракеттешүүгө ишенимин билдирди.

КРнын Өкмөтүнүн маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх