Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Кыргызстан Садыр Жапаровдун КЭРге жасаган иш сапарынын алдында кабыл алышы керек болгон бир чечим бар"

Кыргызстандын президенти Сапар Исаковдун атынан Кытайга каршы туталанууну токтотууну сунуш кылды

Мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун Фейсбуктагы баракчасында Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына жасаган иш сапарына чейин Кыргызстан кабыл алышы керек болгон чечим бар деген билдирүү пайда болду.

 

Кытай мамлекетинин башчысы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду иш сапары менен Кытайга келип кетүүгө чакыргандыгы туурасында расмий маалымат тарады.
Эгерде биз бул сүйлөшүүлөр реалдуу натыйжа берерин кааласак, анда Кыргызстан бул сапарга чейин кабыл ала турган бир чечим бар экенин белгилей кетким келет.
Алмазбек Атамбаев Бишкек ЖЭБди реконструкциялоонун долбоору жөнүндө Си Цзиньпиндин 2013-жылдын сентябрында Бишкекке жасаган сапарынын учурунда анын жеке өзү менен макулдашканын эске сала кетким келет. Төрага Си Цзиньпин бул долбоор эки элдин кызыкчылыгына жооп берерин айткан эле. Ошондуктан Кыргызстандагы ЖЭБди реконструкциялоо долбоорун кылмыш деп жарыялашканы аны акаарат кылганга тете иш болду. Бул Кытайдын учурдагы тышкы саясатынын негизи болгон «Бир Алкак – Бир Жол» долбооруна да көлөкө түшүрдү.
Кытайлык ТВЕА компаниясынын Бишкектеги өкүлү Мусажан Макелекти камакка алуу Кыргызстандын атайын кызматтарынын шермендесин чыгарды. Аны жарым жылдай эч бир далили жок камакта кармап отурушту да, анан эч бир кечирим сурабай этпей туруп акырын гана Кытай Эл Республикасына чыгарып жиберишти. Мусажан Макелек менин процессимде чыгып сүйлөгөн эмес. Бирок мен аны менен качандыр бир кезде жолугушуп, жакындан таанышып, Кыргызстанга капа болбо деп өтүнгүм келет.
Мен сотто ЖЭБ боюнча кылмыш иши жана ЖЭБди реконструкциялоо долбоорун ыпластык менен шыбоо кыргыз-кытай кызматташтыгынын келечегине оор сокку урат деп айткам. Сооронбай Жээнбеков муну уккусу да келген жок, ошондуктан ал үч жыл ичинде КЭР менен биргелешкен бир да жаңы долбоорду баштай алган жок.
2013-жылы Кытайдын жетекчилиги Кыргызстан менен болгон өз ара иштиктүү байланыштарды көптөгөн багыттар боюнча кеңейтүүгө даяр болгону тиркелген документтерден көрүнүп турат. Бирок тилекке каршы, бул пландар ишке ашкан жок жана ага Кытайды күнөөлөй албайбыз! Си Цзиньпиндин сапары учурундагы стенограммада анын: «Кытай тарап Сиздердин өлкөгө энергетикалык камсыздоо системасын мындан ары да жакшыртууга жана бул жаатта тийиштүү долбоорлорду аткарууга даяр экенин билдирет... Өкмөт кытайлык компаниялардын ЖЭБ жана ЖЭСтерди модернизациялоого, НКЗны (нефтини кайра иштетүүчү завод) курууга катышуусун колдойт», - деп айткандары бар. Кытай мамлекетинин башчысы мындан тышкары кызматташууга мүмкүн болгон айыл чарбасынан тартып жолдордун курулушу, илимий изилдөөлөр жана билим берүүгө чейинки көптөгөн тармактар туурасында да айткандарын көрүп турабыз.
Тилекке каршы, мени жаманатты кылып, камоо үчүн Сооронбай Жээнбеков жарым жыл ичинде эле улуу кошунабыз менен болгон мамилени таптакыр талкалап салганга жетишти. Кыргызстанда Кытайга каршы башталган чуулган коштогон туталануу туурасында Си Цзинпинь экс-президент Алмазбек Атамбаев менен 2018-жылдын апрелинде Хайнанда болгон жолугушусуунда кейип айткан эле.
Биздин өлкөнүн бийликтеринин эби жок, копол аракеттеринен улам бардык биргелешкен пландар, анын ичинде, кыргыз-кытай өнүктүрүу фондун түзүү иши да токтоп калды, эгер аталган фонд түзүлгөндө, Кытай ага Россия орус-кыргыз фондуна салып жаткандан кем эмес каражаттарды, башкача айтканда, жарым миллиард АКШ долларын салмак.
Өтмүштү билбей туруп келечекке жол табууга мүмкүн эмес. Эгерде биз КЭР менен реалдуу иштешип, андан жардам ала турган болсок жана көйгөйлөрүбүздү түшүнөт десек, анда биринчи кезекте өлкөдөгү кытайга каршы ызы-чууну токтотушубуз керек, бүгүн да өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылып жаткан биргелешип ишке ашырылган долбоорлорго (Датка-Кемин чордону жана Датка-Кемин электр берүү линиясы) мамлекеттик чиновниктер, депутаттар, мамлекеттик маалымат каражаттары тарабынан болуп жаткан асылууларга токтоосуз бөгөт коюлушу керек..
Анан да албетте, Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо боюнча кылмыш иши сотто калыс каралууга тийиш. Ошондой эле курулуп жаткан келечектин жолу – Түндүк-Түштүк альтернативалык жолуна каршы да асылууларды токтотуп, аны аягына чыгаруу зарыл. Адамдарды: кытайлар жерибизди тартып алат, же кредитке курулган объектилерди кайра алып коет деген болбогон кептер менен коркутканды да токтотуу керек.Эске салсак, бир күн мурун издөөдө жүргөн экс-премьер-министр Сапар Исаков төрт айдан кийин Facebook социалдык тармагы аркылуу байланышка чыккан. Кийинчерээк, анын жаңы баракчасында кабарлагандай, анын аккаунту бузулуп, жок кылынган. Камбинанын мурдагы башчысы бир нече билдирүүлөрдү жасаганга жетишти, ошондой эле Кыргызстанга кайтып келүү мүмкүнчүлүгүн жарыялады.

Ошол эле учурда КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Vesti.kg менен болгон маегинде Сапар Исаковдун Фейсбуктагы аккаунтунун аныктыгына кепилдик бербей тургандыгын, анткени ал 2020-жылдын октябрь айынан бери аны менен байланышпай тургандыгын белгиледи.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх