Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте Кубанычбек Жумалиевдин тарапташтарынын митинги өтүүдө. Депутаттын акыбалы инфарктык абалда

Адвокаттын айтымында, парламентарий ага операция жасатуу керек экендигине карабастан, тергөө абагында калтырылды
Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин жактоочусу Бактыбек Жумашевдин Vesti.kg сайтына билдиргенине караганда, бүгүн Бишкек шаардык соту анын кардары үчүн баш коргоо чарасын тандап алды.

"Бүгүн Бишкек шаардык соту Кубанычбек Жумалиевге карата баш коргоо чарасын кабыл алды, тактап айтканда, Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды", - деп тактады адвокат. - Менин кардарымдын абалы азыр абдан начар, инфарктык абалда, ал операцияга даярданып жатат. Негизсиз билдирүү берилгенине жана менин кардарымдын ден-соолугунун абалына карабастан, шаардык сот Жумалиевди 4-апрелге чейин УКМКнын СИЗОсунда камакта калтырды. Тилекке каршы, Бишкек шаардык сотунун аныктамасына бөгөт коюлган учурда даттанууга болбойт. Операцияга даярданып жаткан адам кантип УКМКнын СИЗОсунда болот? Биздин соттор көзөмөлгө алынган чечимдерди чыгарууга көнүп калган деп эсептейм жана мындай чечим жогору турган мекеменин каалоосу менен кабыл алынган.

Адвокат Жумашев белгилегендей, эгер Жумалиевге бир нерсе болуп калса, анда анын мыйзамсыз кармалышына тиешеси бар адамдардын бардыгы жоопкерчилик тартышат.

"Бүгүн Жумалиевдин тарапташтары Бишкек шаардык сотунун жанына тынчтык митингине чыгышты", - деди ал. - Катышуучулар өз оюн билдирип, Жумалиевди колдоону чечишти. Мен митингчилер менен байланышкан жокмун. Жумалиевдин өзү аны жактоочулар чыкканын билеби, билбейм. Эгерде менин кардарыма бир нерсе болуп калса, УКМКнын СИЗОсунун администрациясы жооп берет. Жоопкерчилик сотторго жана анын мыйзамсыз кармалышына тиешеси бар бардык адамдарга жүктөлөт.

Бүгүн, Бишкек шаардык сотунун жанында депутат Кубанычбек Жумалиевди коргоо митинги өтүп жатат. Нааразычылык акциясына бир нече ондогон адамдар катышты.

Эскерте кетсек, депутат Кубанычбек Жумалиев коррупцияга шектелип кармалган.

Мирайым Алмаспек кызы
фото www


 

 
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх