Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Япониялык компаниялар Кыргызстанда балдарга IT технологияларды үйрөтүүчү мектеп ачууга даяр

Премьер-министр белгилегендей Кыргыз Республикасынын Өкмөтү инвесторлорго шарт түзүүгө катуу көңүл бурат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сигэки Маэданы кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Өкмөтү инвесторлорду коргоого жана иштөө үчүн шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурат.

Тараптар бизнес, IT технологиялар, айыл чарба, туризм жана башка тармактарда кызматташууну тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Өз кезегинде Сигэки Маэда Кыргызстан менен Япониянын ортосунда кызматташуунун чоң потенциалы бар экендигин белгилеп, япон компаниялары Кыргызстанда программалоо жана IT технологияларын окутуу боюнча мектеп ачууга даяр экендигин кошумчалады.

Жыйынтыгында тараптар кыргыз-япон кызматташтыгын мындан ары активдештирүү жана кеңейтүү тууралуу макулдашты.

Өкмөттүн маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх