Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Абдурахманхаджи Муртазалиев "КРнын эмгек сиңирген спорт чебери" наамын алды

Мындан тышкары ИТФ таэквондо жана эркин күрөш боюнча машыктыруучулар сыйлыкты алышты

Абдурахманхаджи Муртазалиевге "КРнын Эмгек сиңирген спорт чебери" наамы ыйгарылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Жогорку класстагы спортчуларды даярдагандыгы, спортчуларды тарбиялоодогу баа жеткис эмгеги, дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу" наамы таэквондо ИТФ машыктыруучусу Виталий Олейниченко жана эркин күрөш боюнча машыктыруучу Нурлат Такиров .

Ошондой эле, ири мелдештерде, Азия оюндарында, дүйнө чемпионаттарында ийгиликтүү оюн көрсөткөндүгү үчүн "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери" наамы дзю-джитсу боюнча спортчу Абдурахманхаджи Муртазалиевге ыйгарылды.

Белгилей кетсек, чечим 2021-2024-жылдарга карата Бирдиктүү спорттун классификациясынын талаптарына ылайык кабыл алынган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх