Депутат Урмат Самаев: Спорт ордосундагы килемдер кайда кетти?
Парламентарий килемдер шайлоо учурунда таратылган деп шектенүүдө
Парламенттин жалпы жыйынында парламенттин депутаты Урмат Самаев Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Шабданбаевден Спорт Ордосундагы эки килем кайда экендигин сурады.
- Азыр Спорт Ордосунда бир дагы килем жок, - деп жооп берди Шабданбаев. - Былтыр Аймактарды өнүктүрүү жылында алар аймактарга бөлүштүрүлгөн. Быйыл килемдерди сатып алуу маселеси планга киргизилген.
Самаев буга азыр мамлекеттик бюджетте тартыштык бар экендигин эске салды.
- Аларды кайсы каражатка сатып аласыңар? - деп улантты эл өкүлү. - Аларды качан тараткансыңар? Бул шайлоо мезгилинде жасалды деген чынбы?
Ага килемдер былтыр таратылганын айтышкан, бирок бул качан так болгондугу белгисиз.
Медина Купсулдаева
Сүрөт www