Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Казакстандагы жалгыз манасчы Баянгали Алимжановго "Достук" орденин тапшырды (сүрөт)

Президент ага кыргыз эпосун казак тилине которгону үчүн ыраазычылык билдирди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-мартта, Нур-Султан шаарында Казакстанда "Манас" эпосун айткан жалгыз манасчы Баянгали Алимжанов менен жолугушту.

Мамлекет башчысы манасчы Баянгали Алимжановго "Манас" эпосун казак тилине которгону үчүн ыраазычылык билдирди. Анын кыргыз элдик көркөм өнөрүнүн берметин өнүктүрүүгө жана жайылтууга зор салым кошкондугун белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Баянгали Алимжановго Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгын - "Достук" орденин тапшырды.

Манасчы Баянгали Алимжанов "Манас" эпосун Казакстандын жаш муундарынын арасында кеңири жайылтуу үчүн которгонун белгилеп, азыркы жаштар бул уникалдуу эпосту билиши керек деп эсептейт.

Баянгали Алимжанов 1954-жылы 16-октябрда Казак ССРинин Кокшетау облусунун Степняк-Енбекшилдер районунда катардагы жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин Алматы шаарындагы Киров атындагы Казак мамлекеттик университетинин филология факультетинин казак тили жана адабияты бөлүмүндө окуган.

Баянгали Алимжанов ушул кезге чейин Казакстандагы жалгыз манасчы. 1984-2004-жылдар аралыгында Баянгали Алимжанов жүздөгөн улуттук, эл аралык жана жергиликтүү сынактарга катышкан, ар кандай конкурстардын бир нече жолку жеңүүчүсү.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх