Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: Жогорку Соттун Төрайымы тартип комиссиясынын ишине тоскоолдук жаратууда

Коопсуздук кызматкерлеринин айтымында, Гүлбара Калиева ушул күнгө чейин ар кандай шылтоолор менен анын маселесин кароону кечеңдетип келет

Мурда маалымдалгандай, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалымат тутумун иштеп чыгууда жана киргизүүдө коррупцияга байланыштуу кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында, жазык-процесстик мыйзамдарынын талаптарына ылайык, 2020-жылдын декабрь айында Башкы прокурор Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына Жогорку Соттун төрагасы Гүлбара Калиеваны жоопко тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуш менен кошо материалдарды жөнөткөн.

Бирок, ушул күнгө чейин Калиева ар кандай шылтоолор менен анын маселесин Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясында кароону кечеңдетип келет. Белгилей кетүүчү нерсе, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, ага карата апелляциялык арыз берилген судьяга жыйналыштын күнү жана орду жөнүндө маалымдалат. Судьянын кадыр-барксыз себептер менен келбей калышы даттанууну анын катышуусуз кароого тоскоол болбойт.

Ошол эле учурда УКМК мыйзамга ылайык, бардык жарандар мыйзам алдында бирдей экендигин жана жогорудагы процедуралар сот тутумундагы коррупцияны объективдүү иликтөөгө багытталгандыгын эскертет.

УКМКнын пресс-борбору
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх