Жаңы Конституция боюнча референдумду өткөрүү күнүндөгү мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды
Дастан Бекешев документтин демилгечилеринин ысымдарын жарыялады
Жаңы Конституция боюнча референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.
Долбоорго катышкан 96 парламентарийдин 87си "макул", 9 депутат "каршы" деп добуш берди.
Ошол эле учурда, депутат Дастан Бекешев аталган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин ысымдарын жарыялады: Бактыбек Турусбеков, Акылбек Жапаров, Марлен Маматалиев жана Мирлан Бакиров. Ал белгилегендей, коомчулук бул жөнүндө билиши керек.
Эскерте кетсек, бүгүн парламенттин жалпы жыйынында жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум өткөрүү күнү талкууланды. Айрым депутаттар нааразычылыгын билдирип, документте көптөгөн каталар жана карама-каршылыктар бар экендигин белгилешти.
Фото www