Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улукбек Марипов: Кытай Кыргызстан үчүн ишенимдүү өнөктөш

Кытай өкмөтү Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүү үчүн дагы бир гуманитардык жардам көрсөтүүнү чечти

Кытай Кыргызстан үчүн ишенимдүү өнөктөш. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Кытайдын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дьюэн менен жолугушуу учурунда билдирди.

"Буга байланыштуу биз КНР менен достук жана жакшы коңшулук мамилелерди ар тараптуу өнүктүрүүгө өзгөчө маани беребиз", - деп белгиледи министрлер кабинетинин башчысы.

Премьер-министр кытай тарапка коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө туруктуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде элчи Ду Дьюэн Кытай өкмөтү коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн дагы бир гуманитардык жардам көрсөтүүнү чечкенин, жакынкы арада Кыргызстанга жеткириле тургандыгын айтты.

Ошондой эле, тараптар кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, коронавирус инфекциясына каршы вакциналарды кытай тарап тарабынан акысыз камсыздоону талкуулашты.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай бөлүгүндөгү Торугарт жана Эркеч-Там өткөрүү пункттарынын толук кандуу иштеши жөнүндө маселе боюнча, элчи Ду Дьюэн аталган өткөрүү пункттарындагы кырдаалдын жакшырышы жөнүндө маалымат берди.

Кыргыз тарап аталган өткөрүү пункттарындагы өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Тараптар ошондой эле жума сайын жарандык жана чартердик учууларды уюштуруунун негизинде эки өлкөнүн ортосундагы аба байланышын калыбына келтирүү боюнча пикир алмашышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх