Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК күйүүчү-майлоочу майдын контрабандалык жүктөрүн Баткен облусунда токтотту

Жүктүн жалпы көлөмү 40 тоннадан ашты

1-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Баткен облусунун Лейлек районунда күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташып бара жаткан төрт жүк ташуучу унааны кармады.

Кармалган унаалар күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташуу үчүн контейнерлердеги идиштер менен атайын кайрадан жабдылгандыгы аныкталды. Айдоочулардын колунда жүк, унаа каражаттары жана өздүгүн тастыктаган документтер болгон эмес. Табылган контрабандалык күйүүчү-майлоочу майдын жалпы көлөмү 40 тоннадан ашык болгон.

Белгилей кетсек, коңшу республикалардын биринин жарандарына таандык кармалган автоунаалар контрабанда ишин жашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик номурларын мыйзамсыз колдонушкан.

Учурда, иш боюнча, иштин бардык жагдайларын жана бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча чаралар көрүлүп жатат.

Өкмөттүн 2021-жылдын 1-мартындагы токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары нефтини жана мунай заттарын экспорттоого (экспорттоого) убактылуу тыюу салынды.

Буга байланыштуу УКМК өлкө аймагындагы аткезчиликке каршы жигердүү жана интенсивдүү күрөш жүргүзөт. Мамлекеттик комитет тарабынан аныкталган фактылар жана мыйзам бузуулар боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

 


УКМКнын пресс-борбору
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх