Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Атамбаевдин жеке дарыгеринин "Альфа" тарабынан сабалышы боюнча тергөө башталды

Башкы прокуратура спецназдар "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" үчүн жоопко тартылышы мүмкүн деп билдирди

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жеке дарыгеринин УКМКнын Альфа атайын бөлүгүнүн кызматкерлери тарабынан сабалышы боюнча тергөө иштери башталды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, бул факт 2021-жылдын 18-февралында КЖБРде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 1-бөлүгүнүн 321-беренеси "Ашыкча күч колдонуу" боюнча катталган.

Эскерте кетсек, буга чейин ММКларда "Альфанын" согушкерлери Алмазбек Атамбаевдин үйүндө адамды сабап салган видео тараган.

Мурунку мамлекет башчынын кеңешчиси Кундуз Жолдубаева Vesti.kg сайтына видеодо ур-токмокко алынып жаткан Эрмек аттуу адам Атамбаевдин жеке дарыгери экендигин тастыктады.

«Мен ал кезде үйдүн сыртында болчумун. Спецназдар мүмкүн Атамбаевди издеп жатышкан - деп жооп берди ал.

Белгиленгендей, видео 2019-жылдын 7-августунда Кой-Таш айылындагы мурунку мамлекет башчынын үйүнө кол салуу учурунда тартылган.

Мирайым Алмаспек кызы
сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх