Сыймык Жапыкеев ЭКККМКдан өзүнүн буюмдарын алып кетти
Такталбаган маалыматтарга караганда, Каржы полициясынын мурдагы башчысы Ысык-Көл облусунун прокурору кызматын алышы мүмкүн
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (Каржы полициясы) мурдагы төрагасы Сыймык Жапыкеев жакында эле кызматтык кеңсесинен буюмдарын алып чыгып кетти. Бул тууралуу Vesti.kg маалымат агенттигине укук коргоо органдарындагы булактар билдирди.
Такталбаган маалыматтарга ылайык, жоюлган ЭКККМКнын мурунку башчысы генерал наамын берүүнү суранган. Бирок, анын өтүнүчү канааттандырылган жок. Мындан тышкары, Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокуратурасында кызмат ордун алары айтылууда.
Vesti.kg сайты бул маалыматты тактоо үчүн Сыймык Жапыкеев менен байланышууга аракет кылды, бирок Каржы полициясынын мурдагы башчысы комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болду.
Фото www