Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Ак Бата" партиясы Нариман Түлеевге байланыштуу чагымчыл маалыматты четке какты

"Ак Бата" саясий партиясы БШКга жана КР АШКга Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттыгына талапкер Нариман Түлеевге байланыштуу социалдык тармакта жарыяланган чагымчыл маалымат боюнча билдирүү менен кайрылды.

 

Ак Бата партиясы шайлоочуларга акча таратуу жолу менен пара берүү жөнүндө берилген маалымат чындыкка дал келбейт деп ырастоодо.

 

Мындай "кара" пиар технологиялары, биринчи кезекте, саясий партиянын жана анын жеке талапкеринин ар-намысын жана кадыр-баркын, ишкер беделин жаманатты кылууга багытталган. Ушунун негизинде “Ак Бата” саясий партиясы башка саясий бирикмелерди ыплас технологияларды колдонуудан баш тартууга жана чынчыл күрөш жүргүзүүгө чакырат.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх