Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Азамат Араев үй камагына бошотулду

Ал былтыр декабрдан бери УКМКнын СИЗОсунда болгон, эми тергөө менен кызматташууну чечти

Өкмөттүн аппаратынын башчысынын мурдагы биринчи орун басары, коргоо, укук коргоо жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Азамат Араевге карата баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

"Белгилей кетсек, учурда Аскер прокуратурасынын башчысы Азамат Араевдин ортосунда кызматташуу келишими түзүлүп, ал Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан жактырылды", - деп билдиришти соттон.

Ал 2020-жылдын 15-декабрынан бери УКМКнын СИЗОсунда радиожыштыктарды сатып алуу жана сатуу боюнча келишим түзүү учурундагы коррупциялык иш боюнча тергөөнүн алкагында кармалган.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх