Сооронкулова: Эмне үчүн БШК референдумга чейин маалымат жана түшүндүрмө материалдарын жайгаштырбайт?
БШК Жогорку Кеңеш тийиштүү буйрук бере электигин билдирди
БШК референдумдун алдында үгүт материалдарын жайгаштырбай мыйзамды бузуп жатат. Мындай пикирин Конституциялык палатанын экс-судьясы Клара Сооронкулова Facebook баракчасында бөлүштү.
Анын айтымында, референдумга 35 күн калганда Борбордук шайлоо комиссиясы калкка маалымат берүү үчүн материалдарды чыгарышы керек.
«БШК референдум жөнүндө унчукпай жатат. Конституциялык мыйзамга ылайык, референдум өткөрүү бир нече этаптан турат, ага ылайык, белгилүү бир убакыт талап кылынат. Референдум өткөрүлө турган күнгө 35 күн калганда бардык шайлоо участкаларына маалыматтык-түшүндүрмө материалдар илиниши керек », - деп жазган Сооронкулова.
Ал ортодо Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы Vesti.kg сайтына Жогорку Кеңештен тиешелүү буйрук келе электигин түшүндүрдү.
"Маалымат жана түшүндүрмө материалдарды жайгаштыруу үчүн биз Жогорку Кеңештен буйрук алышыбыз керек", - деп белгилешти комиссиядан.
Эске салсак, жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум 2021-жылдын 11-апрелинде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо менен бир мезгилде өткөрүлөт.
Эльдос Казыбеков
Фото www