Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бакытбек Жетигенов: Биз Конституцияны өзгөртпөй, экономикалык маселелерди чечишибиз керек

Референдум жөнүндөгү мыйзам долбооруна каршы добуш берген депутат, өлкөнүн Негизги Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдүн элге же мамлекетке пайдасы тийбейт деп ишенет

Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорунун кабыл алынышына каршы добуш берген депутат Бакытбек Жетигенов Vesti.kg сайтына өзүнүн чечими боюнча комментарий берди.

- Ар бир жаңы өкмөт келип, Конституцияны өзү үчүн өзгөртөт, - деди парламентарий. - Мен буга каршымын. Негизги Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр мамлекетке дагы, элге дагы пайда алып келбейт. Конституция канча жолу өзгөрдү? Бул жакшы нерсеге алып келген жок, тескерисинче, өлкөнүн өнүгүүсүнө тоскоол болду. Кеп Конституцияда эмес.

Жетигенов белгилегендей, учурда бийлик башка көйгөйлөрдүн үстүнөн катуу иштеши керек.

"Конституция талкуунун негизги темасы болбошу керек" деп улантты эл өкүлү. - Биринчи кезекте экономикага байланыштуу маселелерди чечишибиз керек. Бүгүнкү күндө биздин экономика кризиске кептелди. Пандемиянын кесепеттерин жоюп, бул кырдаалдан тезирээк чыгышыбыз керек.


Дастан Советбеков

Фото WWW

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх