"Апрель" телеканалынын журналисти УКМКга суракка чакырылды
Тергөөдө Абдил Сегизбаевдин иши боюнча сотко чейинки процесстин алкагында ММК өкүлүнө суроолор бар
"Апрель" телеканалынын журналисти Канат Каниметов УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жарыялады.
Кабарчынын айтымында, тергөөчүлөр аны УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин иши боюнча суракка алууну көздөп жатышат.
"Ушундай болуп жатат. УКМК суракка чакырышты. Сегизбаевдин иши боюнча. 15.00дө. Тергөөчүнүн аты Санжар Жантаев », - деп жазган журналист.
Эскерте кетсек, Абдил Сегизбаев Белизгейт окуясы боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана башка мыйзамсыз аракеттер боюнча 25-январда кармалган. Белгиленгендей, УКМКнын экс-башчысына карата эки кылмыш иши козголгон.
Кийинчерээк Башкы прокурор Курманкул Зулушев өзүнүн интернет баракчасында Сегизбаевге карата алты кылмыш иши козголгонун билдирген.
Фото www