Улукбек Марипов Жалал-Абад жана Ош облустарына иш сапары менен барат
Премьер-министр бир катар социалдык объектилерге капсула салуу аземине катышып, дыйкандар менен жолугушат
Премьер-министр Улукбек Марипов Жалал-Абад жана Ош облустарына иш сапары менен барат.
Сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы бир катар социалдык объектилерге капсула салуу аземине катышат, айыл чарба объектилеринин иши менен таанышат жана Ош облусунун Араван районундагы дыйкандар менен жолугушат.
Мындан тышкары, ал бир катар социалдык, инфраструктуралык объектилердин абалы жана Жалал-Абад жана Ош облустарындагы айрым өнөр жай ишканаларынын иши менен таанышат.
Өкмөттүн басма сөз кызматы
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз