Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кемин районунда тез жардам унаасы кырсыкка учурады (видео)

Жол кырсыгынын кесепетинен эки адам каза болду

Бишкек - ​​Нарын - Торугарт жолунда, Чым-Коргон айылына жакын жерде, тез жардам унаасынын жана дагы үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Хонда унаасынын жүргүнчүлөрү - 37 жаштагы аял жана үч жаштагы кыз каза болушкан. Курман болгондордун так саны такталууда.

 


Чүй облусунун Жол кайгуул кызматы Vesti.kg сайтына кырсыктын чоо-жайы жөнүндө айтып берди.

- Кырсык саат 12.15 чамасында Кемин районундагы Бишкек - ​​Нарын - Торугарт унаа жолунун 90-чакырымында болгон, - деп белгилешти ведомстводон. - Тез жардам кызматы Токмоктон Кемин аймагын көздөй бара жатып, Тойота Эстима менен кагышкан. Андан кийин Тойота унаасы Ауди жана Хонда Инспир унаалары менен кагышкан. Кагылышуудан Honda Inspire жүргүнчүлөрү - 37 жаштагы аял жана үч жашар кыз каза болгон. Жабыркагандардын так саны азырынча белгисиз, анткени айрымдарын өтүп бара жаткан унаалар алып кетишкен. Тергөө кырсыктын себептерин аныктайт.

Мамлекеттик жол кыймылынын коопсуздугу инспекциясы айдоочуларды жол эрежесин бузбоого жана ылдамдыкты так сактоого чакырат.

 

Дастан Советбеков

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх