Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Артем Новиков өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тутумдуу иштин жоктугун белгиледи

Жолугушуу билим берүү мекемелериндеги өрт кырсыктарынын көбөйүшүнө байланыштуу демилгеленген

КРнын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков мамлекеттик жана социалдык мекемелердеги өрт коопсуздугу эрежелерин сактоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Аталган кеңешме билим берүү мекемелериндеги өрт кырсыгынын келип чыгуу окуяларынын көбөйгөндүгүнө байланыштуу демилгеленген.

Артем Новиков белгилегендей, өрттүн келип чыгуусунун негизги себеби катары өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча тутумдуу иштин жүргүзүлбөгөндүгү саналат.

«Акыркы 2,5 айдын ичинде мектептерде үч өрт кырсыгы катталган. Тармактык түзүмдөрдүн чубалгыларды жана трансформаторлорду тыкыр көзөмөлдөөдөн тартып, калк арасында натыйжалуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө дейре ырааттуу өз-ара аракеттешүүсү зарыл», - деди биринчи вице-премьер-министр.

Биринчи вице-премьер-министр окуу процессин тез арада жандандыруу максатында тийиштүү тармактардын өрттөн кийинки кесепеттерди жоюу жана зыяндын өлчөмүн баалоо боюнча ыкчам иш жүргүзүүсү маанилүү экендигин баса белгиледи.

«Бардык калыбына келтирүү иштери окуу жылы башталганга дейре жыйынтыкталышы керек», - деди Артем Новиков.

Ошондой эле ал өрткө каршы талаптарга ылайык келүүсүн ыктыярдуу моюнга алуу принцибин ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн иликтеп чыгууну тапшырды, бул өз кезегинде турак-жайларды жана коммерциялык обьектилерди пайдаланууда жана курууда жарандардын жана бизнестин жоопкерчилигин жогорулатууга шарт түзөт.

Өкмөттүн маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх