"Альфа Телеком" ЖАКтын башкы директору Акылбек Жамангулов кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазган
Анын ордуна Азат Базаркулов дайындалды, ал буга чейин "Акнеттин" аткаруучу директору кызматын ээлеп келген
"Альфа Телеком" ЖАК (MegaCom соода маркасы) 2021-жылдын 16-мартынан тартып башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу, "Альфа Телеком" ЖАКтын башкы директору Жамангулов Акылбек Жекшенович өз каалоосу менен кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазган.
Ал бул кызматты 2018-жылдын 24-октябрынан бери аркалап келген.
Ошол эле учурда, Азат Темирканович Базаркулов "Альфа Телеком" ЖАКтын башкы директорунун кызмат ордуна дайындалгандыгын маалымдайбыз. Буга чейин ал "Акнет" ЖЧКсынын аткаруучу директору болуп иштеген.
"Альфа Телеком" ЖАКынын пресс кызматы
"Альфа Телеком" ЖАКынын басма сөз кызматынын сүрөтү