Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жанар Акаев: Күч структуралары саясий куугунтуктарды тез арада токтотушу керек

Депутат кармалган активист Тилекмат Курөңовду бошотууну талап кылат

ЖКнын депутата Жанар Акаев азыркы өкмөт саясий куугунтуктоону токтотуп, кармалган активист Тилекмат Курөңовду бошотушу керек деп билдирди. Ал өзүнүн  Facebook социалдык тармагындагы баракчасында жазган.

Президент Жапаров "Азаттыкка" маек берип, эч кимге саясий куугунтук жасалбайт деп айтып оозун жыйганча, ошого удаа эле Тилекмат Куреңовду милиция кармап жатат, элибизге төбөсү көрүнгөн саясатчы Жеңиш Молдокматовдун кеңсесин тинтип жатышат. Болбосо ушул жигиттер азыркы президент абакта жатканда боштондук талап кылып жүрүшкөн экен. Күч органдары мындай аракеттерин тез арада токтотуп, Тилекматты бошотушу керек! Бүгүн Тилекмат, эртең сен! Адатта жаңы бийлик ишке киришкенде реформаларды, жаңы багыт, долбоорлор, эл ишенген жаңы  кадрлардын дайындалышы талкууланчу эле. Бизде болсо баягы эле куугунтукту сөз  кылып отурабыз, тилекке каршы.

Эске салсак, коопсуздук күчтөрүнүн алдында активист Тилекмат Күрөновдун үйүн тинтүүгө алышып, социалдык тармактарга жарыялагандыгы үчүн кармашкан. Ошондой эле Замандаш партиясынын мурдагы лидери Жеңиш Молдокматовдун иш бөлмөсүндө тинтүү жүргүзүлдү.

Дастан Советбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх