Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутаттыкка аттанган ырчы Анжелика шайлоо мыйзамын бузганбы?

Шаардык кеңешке талапкер жергиликтүү басылмага үгүт белгилери бар маек берген

“Биздин эл” саясий партиясы менен Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна аттанган эстрада ырчысы Анжелика Кайратова шайлоо мыйзамын бузган болушу мүмкүн. Ырчы 12-мартта “Де-факто” гезитине саясатка эмне себептен барууну чечкени, алдыдагы пландары жана ой-кыялдары жөнүндө маек берген. Макалада ал партиянын атын так атабаганы менен өздөрүнүн шайлоо программасы, ошондой эле командасын кандай тармактагы инсандар түзгөндүгү туурасында да учкай кеп салган, бирок, маек гезит тарабынан үгүт материалы катары катталган эмес. Ырчынын Инстаграм социалдык тармагында өтө популярдуу экенин эске алганда кызыккан адамга ал кайсы партиянын курамында шайлоого бара жатканын тактоо эч кандай кыйынчылык туудурбасы айтпаса да түшүнүктүү.

 

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамынын 27- беренесинин 2- бөлүгүндө бардык басылма жана башка үгүт материалдары үгүт материалдарын даярдаган уюмдун аталышын жана дарегин (адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын жана жашаган жеринин дарегин), бул үгүт материалдарын даярдоону заказ кылган жактын фамилиясын, аты-жөнүн (уюмдун, жеке ишкердин аталышын), алардын нускасы жана чыгаруу датасы жөнүндө маалыматты, алардын жасалышына тиешелүү шайлоо фондунун каражаттарынан төлөө жөнүндө маалыматты, ошондой эле заказга акы төлөгөн талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фамилиясын, атын, атасынын атын камтууга тийиш. Көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыбаган үгүт материалдарын таркатууга тыюу салынары жазылган.


Vesti.kg Анжелика Кайратованын басылмага берген маегинде мыйзам бузуу фактысы барбы-жокпу тактоо максатында Бишкек аймактык шайлоо комиссиянын төрагасы Кайрат Маматовго кайрылып, ал бул боюнча атайын иш тобу текшерүү жүргүзүп, кийинчерээк так жооп беришерин айтты.
Vesti.kg ошондой эле "Де факто" гезитинин редакциясына да бул боюнча кайрылып, алар аталган макалада эч кандай партиянын аты аталбаганын, демек үгүт белгилер жок экенин белгилешти.

Эскерте кетсек, 11-апрелде Кыргызстандын 28 шаар жана 486 айылдык аймактарында жергиликтүү шайлоолор өтөт.

Гулзат Иманова
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх