Тилекмат Күрөңов сотто: Мен Абдил Сегизбаевдин жанына барып отурам! (видео)
УКМКнын экс-башчысынын аялы кармалган активистти колдоп чыгып сүйлөдү
УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин жубайы Айнура Сегизбаева камакка алынган блогер жана активист Тилекмат Кудайбергеновду (Күрөңов) колдоду. Ал 2021-жылы 3-январда Инстаграм социалдык тармагына Жеңиш аянтындагы Күрөнов ошол кездеги президенттикке талапкер Абдил Сегизбаевдин шайлоочулары менен чыгып сүйлөгөн видеосун жарыялаган.
- Мен Тилекматтын ата-энесине ушундай жигитти тарбиялап өстүргөндүгү үчүн терең урматтоомду билдирем, - деп жазган Сегизбаева видеонун астында. - Бекем тур, үмүт үзбө, капа болбо. Ушуга окшогон балдар сынбайт! Ушул күндөр дагы өтөт деп ишенем.
Атайын кызматтын экс-башчысынын жубайы ошондой эле Тилекмат Кудайбергеновдун жакындары ага сот залынан активисттин сөздөрүн жеткиргенин айтты: "Мен Абдил Сегизбаевдин жанына барып отурам!".
Эске салсак, Тилекмат Кудайбергенов (Куренов) социалдык тармактардагы баракчаларына жаңы Конституцияга каршы жарыялаганы үчүн кармалган. Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту камакка алынган блогерге карата бир айга СИЗО-1ге камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын тандады.
Дастан Советбеков
Фото www