Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эркин Тентишев: Ооба, менде эки учак бар. Аларды өз бизнесим менен тапкан акчага сатып алдым

Чүй облусунун жаңы башчысы  алдаганга, уурдоого көнбөгөнүн жана анын бардык мүлкү таза жол менен келгенин белгиледи

Өкмөттүн Чүй облусундагы жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев Vesti.kg менен болгон маегинде жеке учактары, мамлекетке төлөнгөн салыктары жана аймакты өнүктүрүү пландары жөнүндө айтып берди.

-Мен буга чейин мамлекеттик кызматта иштеген эмесмин. Албетте, бизнесменмин, жеке ишкермин. Ооба, 2 учагым бар. Мен аларды 2019-жылы алгам, ал эми  кызматка олтурганыма 2 апта да боло элек.  Ал эми чет элдик самолёттор бизге элди ташып келип конот. Жүргүнчүлөр Кыргызстандыкы. Түшкөн каражаттын 20% КР түшсө, 80% ошол мамлекеттин өзүнө. Самолет кайсы өлкөнүкү болсо  ошол жакка түшөт. Менин  максатым, башка бирөөнүн самолётуна күнүбүз түшпөй, башка бирөөнүн казынасына кеткен акча өзүбүздүкүнө түшсүн деген максатта алгам. КРдан сыртка учкан самолеттун налогу толугу менен биздин өлкөгө түшөт.

Ыйгарым укуктуу өкүл колунда болгонунун бардыгын адал эмгек менен тапкандыгын айтты.

- Мен институтту да ачканымдын себеби, Кыргызстанга көбүрөөк налог, киреше түшсүн деген максатта ачкам. Сырттан 14-15 өлкөдөн келген студенттер контракты да төгөт, жатканына,  ичкен жегенине төлөйт, бизден билим алат, 5 жылдан кийин  колуна бир барак кагаз  алып кетишет. Бирок институттун экономикабызга кошкон салымы көбүрөөк. Налогторду да убагында төгүп турам. Себеби мен антип бирөөнүн акысын жеп же алдап кетүү деген тарбияда өскөн эмесмин. Мен Чүй олбусунун кулуну болгондон кийин кылган ишимдин баары, кичине болсо да экономика кошкон салымым болсо дейм. Ар бирибиз салым кошсок, өлкө тез өнүгөт. Бул тапкан ташыгандарымдын баары өзүмдүн ак, мандай терим менен тапкан  эмгегимдин артынан келген ырыскы жана ийгилик. Башкаларга дагы өзүмө каалаган ийгиликтерди каалайм.

Мындан тышкары ал Чүй облусунун башчысы катары ишке ашырууну көздөгөн максаттары жөнүндө айтып берди.

-Албетте, көйгөй көп. Мен Чүй облусунун кулуну катары Сары-Өзөн Чүй элинин  көйгөйүн жакшы билем. Дароо баарын чече калам, баарын жыргата калам деп айтуудан алысмын. Убакыт керек. Бир кишинин колунан келбейт, жалпы коллектив биргеликте иштешибиз керек. Бирок мен, эң биринчи жумушсуздукту жойсок, экологиялык проблеманы жөнгө салсак, тазалыктын жолун тапсак жана социалдык көйгөйлөрдү жоюп, медицинаны жана билимди жогорулатсак дейт элем.

- Чүй облусу көп улуттуу облус  болгондуктан, ынтымакка чакырып бирдиктүү болуш үчүн маданий иш чараларга өзгөчө көңүл бөлүү.

-Билимге басым жашоо, медициналык тейлөөнү жөнгө салуу.

-Санариптик технологияны өнүктүрүү

Эркин Тентишев жакында Чүй облусундагы мектеп-интернаттарда тигүү цехтери ачыла тургандыгын айтты.

- Азыркы учурда эң биринчи жазгы талаа иштерине көңүл бурушубуз керек. Себеби, учурда элдин абалы оор болгондуктан Чүй элине жер айдоого майдын, үрөөндун маселелерин чечишибиз керек болуп, сүйлөшүү иштер журуп жатат. Эртен буюрса Чуй облусундагы мектеп  интернатына тигүүчү цехтерди ачканы турабыз. Бул да болсо социалдык көйгөйлөрдү  чечүүнүн бирден бир жолу жана ал жердеги балдар бул кесипти кошумча үйрөнүп алса, балким келечегинде жумуш орун менен камсыз болуп кетет деген ойдобуз.

Ошол эле учурда Эркин Саткынбаевич жергиликтүү инвесторлорду тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

-Инвесторлорду тартып, бизнесмендерге жол ачып, элдин экономикасын көтөрүү. Инвесторлор дагы сырттан, башка элден келгендер болбой, озубуздун ичибизден чыккан инвесторлор болсо дейм. Сыртта канчалаган биздин мыкты эр азамат ишкер жигиттерибиз бар. Ошолор келип инвестор болушса. Алар менен сүйлөшүп өз өлкөбүзгө чоң-чоң завод, фабрикаларды ачсак деп пландайбыз. Себеби башка өлкөдөн, сырттан  келген инвестор 1 сом салса 5 сом алып кетем деп келет. Алардын максаты ошондой. Аа эгер өзүбүздүн азаматтарды инвестор кылып тартсак, биздин өлкөгө көбүрөөк пайдасы тийет. Менин максатым ушул.

Жыйынтыгында Чүй облусунун башчысы мурунку ыйгарым укуктуу өкүлдүн ишине оң баа берди.

-Мен эч качан бирөөнүн  ишин сындабайм, колдон келсе жардам берем. Буга чейинки  губерноторлор да өзүлөрүнүн эли үчүн колдон келген кызматын кылышты. Аларга рахмат дешибиз керек.

Мирайым Алмаспек кызы
фото www

  

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх