Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Исхак Масалиевдин кызы БШК депутаттыгына ат салышууда

"Балким ар бир ата-эне балдары анын ишин ийгиликтүү уланта берсе деп кыялданса керек"

Экс-депутат Исхак Масалиевдин улуу кызы Каныкей Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлигин койду. Бул тууралуу саясатчы Facebook баракчасына жарыялады.

“Коммунисттер партиясынын тизмеси боюнча. Ал эми биздин командабыздын “Атабыздын ишин улантабыз” деген урааны менин оюмча туура.

Эгерде менин балдарымды кызматка дайындоо маселеси келип чыкса жана ал менден көз каранды болсо, мен буга эч качан жол бербейт элем. Бирок шайлоо башкача.

Каныкей 15 жылдан бери партиянын мүчөсү, колунан келишинче жардам берет. Ал эми шаардыктар биздин партияны колдосо, биз абийирдүүлүк менен иштейбиз. Ал эми коммунисттер бийликте эмес, анын үстүнө алар көптөгөн маселелер боюнча сын көз карашта болушат.

Балким, ар бир ата-эне балдары анын ишин ийгиликтүү улантышса деп кыялданса керек.

Ошондой эле мен дагы ушул жагдайдан тышкары эмесмин », - деди Масалиев.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх