Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Талас облусунун прокурору ишкерлердин ар бир кайрылуусу өзгөчө көзөмөлдө деп ишендирди

Бизнес Акыйкатчысы көзөмөлдөөчү органдын жетекчиси Гүлмира Кашкарова менен жолугушту

Өткөн жума күнү, 19-мартта Талас облусунун прокурору Гүлмира Кашкарова Кыргыз Республикасынын Бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит жана анын орун басары Нурлан Мусуралиев менен жолугушту.

Белгилүү болгондой, чарба жүргүзүүчү субъекттердин чарбалык ишине мамлекеттин негизсиз кийлигишүүсүн жокко чыгаруу, ошондой эле инвесторлордун ишенимин жогорулатуу максатында Президент “Менчикти коргоо жана ишкерлерди жана инвесторлорду колдоо жөнүндө” жана “Кошумча чаралар жөнүндө” жарлыктарга кол койду. "

 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар көзөмөлдөөчү органдын көңүлүн буруу өзгөчө мааниге ээ экендигин белгилөө менен, облустун ишкерлеринин бузулган укуктарын коргоого жана калыбына келтирүүгө багытталган жогоруда аталган токтомдорду ишке ашырууга байланыштуу облустук прокуратура тарабынан көрүлүп жаткан чараларды талкуулашты. 

Облус прокурору Бизнес Акыйкатчысынын көңүлүн бизнес өкүлдөрүнүн ар бир кайрылуусу өзгөчө көзөмөлгө алынгандыгына бурду.

Жолугушуунун жыйынтыгында облус прокурору өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча бизнес-омбудсмен тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштин маанилүүлүгүн белгилеп, облустук прокуратура келечекте бул мекеме менен кызматташууну өнүктүрөт деп ишендирди.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Фото Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх