Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сыймык Жапыкеев: Мен башында эле бийликке умтулган эмесмин

Финполдун экс-башчысы акыркы бир жыл ичинде ал физикалык жана моралдык жактан чарчагандыгын белгиледи

Жоюлган ЭКККМКтин (Каржы полициясы) мурдагы төрагасы Сыймык Жапыкеев акыркы бир жыл ичинде физикалык жана психикалык жактан чарчагандыктан, Facebook социалдык тармагынан да бир аз тыныгуу алгысы келгенин айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн баракчасына жазып чыкты.

"Архив Акипресс.
6 октябрь 2020 Окмот Уй, саат 07:15 ээн биринчи кемешме, отурум. Эми тарых. Менин он жагымда Мекен Ынтымагы Темирбек Асанбеков, сол жагымда Садыр Нуркожоевич, андан кийн К.Ташиев, М.Мамытканов жана башкалар...
Достор мен башынан эле бийлике жулунуп, чуркаган эмесмин, Биздин максат Шайлоону жокко чыгарыш эле, ал болду, СШЖ кетириш керек эле кетирдик. Мен колумдан келгенин жазадым. Эч качан качкан жокмун. Элди алдаган жокмун.
Урматтуу Эл журт баарысы силердин колдоонор менен кана болду. Силерге Рахмат. Мен даагы эле Элден качкан жокмун. Кухня былтыр ушул айда башталган. Бир жыл ары бери тынбай чуркап элди ойгото берип озум марально и физически чарчап калдым.
Бир жыл тынбай иштедим.
Фейсбуктан бир эки айга отпуск сурайм.
Нервти эс алдырайын достор.
Корушкончо сак саламат болунуздар. " - деп жазган Жапыкеев.

 

Эскерте кетсек, 5-мартта ЭКККМКтин жоюлганы белгилүү болгон. Тийиштүү чечим премьер-министр Улукбек Марипов тарабынан кабыл алынып, аталган кызмат коррупциялашып, натыйжасыз болуп калгандыгын белгиледи.

Президенттин жарлыгына ылайык, Сыймык Жапыкеевге 12-мартта Каржы полициясынын генерал-майору атайын наамы берилди.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх