Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК Өмүрбек Бабановго каршы козголгон иштердин бардыгын токтотту. Ал мамлекетке 100 миллион сом которот

Экс-президенттикке талапкер "колдоо иретинде" бюджетке ири суммадагы каражат котороору белгиленди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет прокуратуранын жана тергөө бөлүмдөрүнүн мурунку Жогорку Кеңештин депутаттыгына жана президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго жана ага байланыштуу коммерциялык түзүмдөргө карата козголгон кылмыш иштерин тергөөнүн жыйынтыгы боюнча процессуалдык чечимдери Бабановдун жана анын туугандарынын аракеттери менен мамлекеттин, юридикалык жактардын жана жарандардын кызыкчылыктарына зыян келтирген фактылар жок болгон учурда, ага карата андан аркы өндүрүштү токтотуу үчүн мыйзамдын негизинде кабыл алынган.

Ошол эле учурда Бабанов менен мамлекеттик бюджетке колдоо иретинде 100 миллион сом өлчөмүндөгү каражатты өз ыктыяры менен которуу боюнча келишим түзүлдү.

УКМКнын пресс-борбору
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх