Аида Салянованын эжеси: Эми бары бир акталып чыга тургандыгы бизге белгилүү болду
Экс-башкы прокурордун туугандары бул ишти ойлоп тапкан тергөөчүлөр жазаланышы керек деп эсептешет
Экс-башкы прокурор Аида Салянованын жакындары анын акталып чыгышына ишенишет. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына көзөмөл органынын мурунку башчысынын эжеси Чынара Салянова билдирди.
"Биз ишти кароого жөнөтүүнү бир нече жолу сурандык, бирок бизден баш тартышты, кечээ, Жогорку Соттун оң чечиминен кийин, Аида Жеңишбековна дагы деле акталып чыга турганы бизге белгилүү болду", - деди ал. - Бул ишти ойдон чыгарган чиновниктерди жоопко тартууну талап кылабызбы же жокпу деген суроону эже сиңди талкуулай элекпиз. Бир тууганым буга кубанган жок, бирок анын позициясы күнөөлүүлөр мыйзам алдында жооп бериши керек.
Чынара Салянова кошумчалагандай, биринчи кезекте жоопкерчилик тергөөчүлөргө жүктөлүшү керек.
- Менин оюмча, иш кароого жөнөтүлгөндүктөн, ыйгарым укуктуу органдар өздөрү мыйзамдын чегинде баарын аныктап чыгышы керек, - деп сөзүн аяктады ал.
Эскерте кетсек, Vesti.kg сайты Жогорку Сот Аида Саляновага карата Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартуу боюнча төмөнкү инстанциялардын өкүмдөрүн жокко чыгарганын билдирген. Иш Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна кароого жөнөтүлдү.
Вероника Малышева
Фото www