Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысынын орун басары Мадамин Каратаев: 15 мүнөттөн кийин команда менен коштошом
Саламаттыкты сактоо министринин эки орун басары кызматынан алынды
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев кызматынан алынды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына өзү билдирди.
"Мени кечээ кызматтан кетиришти" деди ал. - Бирок, тиешелүү буйрукту бүгүн алдым. 15 мүнөттөн кийин команда менен коштошом.
Министрдин дагы бир орун басары Нурболот Үсөнбаев дагы ээлеген кызматынан алынгандыгы белгиленди.
Эске салсак, Мадамин Каратаев Саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп 2018-жылдан, ал эми Нурболот Үсөнбаев 2020-жылдын апрелинен бери иштеп келген.
Канышай Балкыбекова
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз