ЖКнын депутаты: Дене тарбия институтунун аймагына анын ректору өзү үй куруп алган
Акыл Кемелов бул маселени териштирүүнү суранат
Депутат Акыл Кемелов өкмөттөн айрым билим берүү мекемелеринин аймагында эмне үчүн алардын жетекчилеринин үйлөрү бар экендигин тактоону суранат. Бул тууралуу ал парламенттин жалпы жыйынында билдирди.
- ЖОЖдордун ректорлору билим берүү мекемелеринин аймагына хан сарайларды кура баштаганы каяктан чыкты? - деп ачууланды. - Тагыраак айтканда, Дене тарбия институту жана Искусство мектеби жөнүндө сөз болуп жатат. Ошол билим берүү мекемелеринин жетекчилери ал жакка жеке менчик үчүн участокторду эмненин негизинде алышкан? Биз муну менен күрөшүшүбүз керек.
Вероника Малышева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз