Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камакка алынган активист Тилекмат Күрөнов 2019-жылы Садыр Жапаровдун уулуна донор болгон (сүрөт)

"Тилекмат кырсыктан кийинки Дастандын оор абалын уккандан кийин кан берген"

Фейсбук социалдык тармагында 2019-жылы кармалган активист Тилекмат Кудайбергенов (Күреңов) Садыр Жапаровдун уулу Дастанга авария болуп, Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна келип түшкөндө  жардам катары кан бергендиги жөнүндө маалымат тараган.

"Элди башаламандыкка чакырды деп айыпталып жаткан Тилекмат инибиз, 2019-жылы 26-август күнү абакта отурган, Садыр Нуркожоевичтин уулу Дастан жол кырсыгына учурап ооруканада оор акыбалда деген чакырыкты угуп, ушул жардам берсе экен деп, Садыр уулу Дастанга (жаны жаннаттан болсун)кан берген. Бирок тилекке каршы ажал күчтүүрөөк болуп алды. Репост мекендештер!


Ошондой эле медициналык күбөлүгү басылмага тиркелип, анда Тилекмат Кудайбергенов чындыгында Садыр уулу Дастанга жардам катары кан тапшыргандыгы көрсөтүлгөн.

 

Эске салсак, соттолгон саясатчынын уулу Садыр Жапаровдун катышуусундагы кырсык 2019-жылы 22-августта Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында болгон. Мотоцикл бурулуш жасап жаткан унааны сүзүп алган. Жигит 26-августта алган жаракаттарынан улам көз жумган.

17-мартта Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту блогер жана активист Тилекмат Кудайбергеновду (Күреңов) социалдык тармактардагы жарыялары үчүн камаган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх